Үгүт иштеринин акыркы күнү: “Кыргызстан” партиясына 300 адам салтанаттуу түрдө мүчө болду

2 октября 2020 15:15 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүттөө иштеринин акыркы күнүндө “Кыргызстан” саясий партиясына 300 адам жаңы мүчөлүкө кабыл алынды.

Партиянын Бишкек шаарындагы борбордук штабында болуп өткөн иш-чарага, партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов жана партия лидери Канатбек Исаев катышып, жаңы мүчөлөргө парт билеттерди тапшырышты.

“Кыргызстан” партиясына кошулуп жаткан адамдардын саны күн сайын көбөйүп жатканын айткан партия лидери Канатбек Исаев буларга токтолду:

“Кыргыз эли үчүн ак кызмат кылып келе жаткан адамдардын биздин катарга кошулуп жатканы аябай кубандырат. Биздин катарга кошулушуңар менен “Кыргызстан” партиясы дагы да күчтөнүп, көп жетишкендиктерге жетет. Биз элдин колдоосу менен 4-октябрда жеңишке жетип, элибиздин жана мамлекеттибиздин кызыкчылыгы үчүн эмгектенебиз”.

Иш чаранын соңунда символикалуу түрдө баш кошуп жаткан эки жашка парт билеттер тапшырылды. Партиянын лидери Канатбек Исаев эки жашка ак жол каалап, алардын мамилеси “Кыргызстан” партиясы сыяктуу туруктуу жана түбөлүктүү болушун каалады.

Андан соң иш-чаранын жалпы катышуучулары алакан жайып, эки жашты ак бата менен узатышты.

Бүгүнкү күндө “Кыргызстан” партиясынын жалпы 40 миңден ашык мүчөсү бар.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020)

Ссылка: https://barometr.kg/gt-ishterinin-akyrky-kn-kyrgyzstan-partiyasyna-300-adam-saltanattuu-trd-mch-boldu



Добавить комментарий