Грыжа оорусу адамдын башка органдарын да жабыркатат

25 сентября 2019 09:56 21512 15 Barometr
Поделиться в:
ok

Грыжа остеохондроздон улам пайда болот. Остеохондроз деген эмне? Остеохондроз бир жак кыр арканын оорусу. Жөнөкөйлөтүп айтканда омурткалардын ортосундагы кемирчектерде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Кыймылсыз, мисалы, компьютерде көп олтурган, бир ордунда жылбай олтурган адамдын омурткаларында зат алмашуу бузулуп зыян тартат. Эгерде моюн, бел омурткаларында остеохондроз болгон болсо кемирчек зыян тартат. Бир күнү бир оор жүк көтөрүп койгондо даяр болгон организм грыжага айланат. Жети моюн омурткасы бар. Ошолордун ортосунда пайда болгон кемирчектер моюн омурткасынын грыжасы деп аталат. Беш бел омурткасы бар. Ошол бел омурткасында кемирчек чыгып кетсе бел омурткасынын грыжасы деп аталат. Бел омурткаларынын грыжалары көбүрөөк кездешет. Андан соң моюн омурткасынын грыжалары басымдуулук кылат. Ал эми көкүрөк омурткаларынын грыжасы сейрек жолугат.

-Грыжа менен ооруп, бирок дарыгерге кайрылбай жүрө берүүнүн арты эмне менен бүтөт?

- Эки буту иштебей калышы мүмкүн. Дагы бир чоң запкысы - заарасы токтобой калат же таптакыр заарасы чыкпай калат. Эгерде мындай убакта учурунда операция жасабаса, өмүр бою заарасы бузулган бойдон калат.

Грыжанын белгилери

Белде, бел булчуңдарында такай ооруксунуу пайда болот, белдин териси чымырайт. Арка жак талып, уюп ооруйт. Буттун бир жак капталдары ооруп, нервтер кысылып калат. Кол көтөрүлбөй, баш айланат. Моюнду ары-бери айлантып кыймылдатуу кыйын болот. Кээде кулакта үн пайда болот. Грыжа болуунун башкы себеби остеохондроз болуп жүрүп, оор жүк көтөргөндө же ыңгайсыз кыймылдаганда пайда болот.

Сиздин ден-соолугуңузда ушундай ооруксунуулар пайда болсо сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.

Ден-соолукта болуңуздар!

Ссылка: https://barometr.kg/gryzha-oorusu-adamdyn-bashka-organdaryn-da-zhabyrkatat



Добавить комментарий

  • Саламатсыздарбы.мен белдеги грыжадан 5-6 жылдан бери кыйналып журом.башында дарыланып журдум эки жылдан бери эч нерсе кылган жокмун.анткени мануальная терапия деп барып атып чарчадым бурап толгогондо чыдай албай кыйналам.башка жолдору да барбы? Айыгабы?
  • Мен 2 жылдан бери остеохондроздон кыйналам кокурок омурткадан эмне кылсам болот
  • Мен 15 жашымда белимден грыжа болдум доктурга барып ийне алдым жакшы болуп калгам. Болбой эле Анда санда кармап атат жумуш жазап койсом эле. Кандай доктурларга барсам болот.
    • Жайнагул 4 года назад
      Эгерде бел оорусуна грыжага байланышкан оорулар болсо 0778336233; 0507500787тел:номерлерине байланышка чыксаныздар болот
  • Саламатсызбы мен белимде грыжа бар экенин билбей жургонмун кичине белим ооруп жургон андан кийин бутум ооруп журду кийин врачка кайрылсам грыжа деди сиздер менен кандай байланышсам болот
  • Грыжадан кантип кутулсам болот тажап кеттим
  • Менин балтырым туулот
  • Саламатсыздарбы? Менин белимдин сол тарабы кээде аябай ооруп калат. Азыр бир аз белим ооруп жатат, эмне кылсам? Доктурга деле кайрылган жокмун. Уйдогулорго айтсам унчугушпайт.
    • Асалому алейкум томография га туш биринчи Анан доктурга бар кудай сактасын грыжа болбой элэ койсун грыжа болгондон Коро Бир бутун сынып кетсе жакшыкен мен коптон бери ушул оорумн журом барбаган жерим жок баарына Аллахым шыпасын берсин
  • Мен 19 жаштамын төрөй элекмин, грыжанын белгилери менде бүт бар,өз алдымча дарыласам болобу,белим ооруйт бир бутум сыздатып тартылышат,массажга барсам дагы башталып атыптыр деди
  • Грыжа эркектин яичка жагына таасирин тийгизеби же менде грыжадын болок да оору барбы уролого да 2-3 жолу бардым всё равно ооруйт кееде
  • Саламатсызбы мен төрөлгөндө грыжа менен төрөлгөм операция кылган бирок кээде белиме суук тийип оор көтөргөндө ооруп калат атак мындай оорубайт деле бирок торосом болобу билбейм ичимди көтөрө аламбы деп оор көтөргөндө ооруйт жатып бир аз дан кийин басылып калат да ошону айтып койо аласпы?
  • Менин да бир эле сол жагым ооруп жатат. Омурткам деле эмес сол жамбашымын үстү жагы. Дарыгерге барганга мүмкүнчүлүгүм жок болуп жатат. Жатканда нары бери оодарылыш аябай кыйын болуп жатат. Белдеги грыжа болушу мүмкүнбү? Бөйрөгүм дагы шамалдаган же бөйрөктөн дагы белге зыяны барбы. Бөйрөгүмө уколдорду алсам дагы таасир бербептир!