Грэ́пплингчи спикер Жумабеков грэ́пплинг чемпионуна энчилүү саат белек кылды
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Төрага дүйнө чемпиону Абдрахман Муртазалиевди жеңиши менен куттуктап, кыргызстандык спортчулардын талыкпаган эмгегинин арты менен дүйнөлүк чемпионаттарда Кыргызстандын желеги бийикте желбиреп жатканын айтты.
Ошондой эле төрага акыркы учурларда жаштар спортко өзгөчө көңүл буруп, мамлекет да аймактарды жаңы спорттук комплекстер менен камсыздоону колго алганын белгиледи.
Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев 23-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болгон. Мелдештин финалында ал Польшалык спортчуну жеңип алган.
Эскерте кетсек, Дастан Жумабеков депутат кезинде 2017-жылы АКШнын Нью-Жерси шаарында өткөн NAGA-грэпплинг боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.
Ссылка: https://barometr.kg/grepplingchi-spiker-zhumabekov-greppling-chempionuna-enchil-saat-belek-kyldy
Добавить комментарий ×