Видео. Грэпплинг: Эржигит Эрали уулу Азиянын ачык чемпионатында күмүш байге тагынды

12 сентябрь 2019 19:08 1540 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандык грэпплинг күрөшүнүн чебери Эржигит Эрали уулу Азиянын ачык чемпионатынын күмүш медалын утту. Бул тууралуу балбандын атасы Эрали Аскарбеков “barometr.kg” сайтына билдирди.

Аталган спорт боюнча Азиянын ачык чемпионаты Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн.

61 кило салмакта күч сынашкан Эржигит 19 жашта экенине карабастан кесипкөйлөр (профессионалдар) арасында финалга чыгып, упай айырмачылыгында казак балбанына утулган.

Эржигит мелдеште 5 беттеш өткөрүп, экөөсүн ири эсепте упай айырмачылыгы менен утса, эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңилип берүүгө аргасыз кылган.

Ал эми мелдештин грэпплинг сүйүүчүлөр арасында кыргызстандык балбандар Садыков Бекжан 61 кило салмакта  2-орунду ээлеген. 65 кг салмакта Каныбеков Арлет 3-орунга татыган.

Аталган спортчулар “EREM” спорт клубунун тарбиялануучулары болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/greppling-erzhigit-erali-uulu-aziyanyn-achyk-chempionatynda-kmsh-bajge-tagyndy



Добавить комментарий