Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов декабрда мелдешке чыгат
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов декабрь айында мелдешке чыгат. Бул тууралуу анын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов “barometr.kg” сайтына билдирди. Ал Акжолдун бутун сындырып, жаракатынан сакайгандан кийинки алгачкы мелдеши болот.
“Акжол азыркы күндө килем үстүндө күрөшүп машыга баштады. Буюрса баары жакшы. Мелдешке чыга турган болуп, даяр болуп калды. Декабрь айынын аягында мелдешке чыгат, деп даярданып жатабыз”, - деди машыктыруучу.
Бул Азия чемпиону бутун сындырып, жаракатынан сакайгандан кийинки алгачкы мелдеши болот. Бирок ал кандай мелдеш экенин Мейрамбек Ахметов ачыктап айткан жок.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов былтыр машыгуу учурунда футбол ойноп жатып, бутун сындырып алган. Ал бутуна Германиядан операция жасатып келген.
Акжол акыркы жолу 2018-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге уткандан бери мелдештерге катыша элек.
Ссылка: https://barometr.kg/grek-rim-krshnn-cheberi-akzhol-mahmudov-dekabrda-meldeshke-chygat
Добавить комментарий ×