Грек-рим күрөшчү балбан Акжол Махмудов буту сынганына карабай машыгууну улантып жатат

12 февраля 2019 10:46 1115 Barometr
Поделиться в:
ok

Грек-рим күрөшүнөн балбаныбыз, Азия чемпиону Акжол Махмудов буту сынганына карабай машыгууну улантып жатат. Бул тууралуу ал инстаграмдагы баракчасына жазды. Анда ал тизесинен жаракат алганын, дарыгерлердин акыркы тыянагы чыгып, жакынкы күндөрү операция жасатары боюнча маалымат калтырган.

Балбан ошондой эле жакынкы убактарда эле жеңишке болгон жаңыча мотивация менен катарга кошулууга ниеттенгенин айтат.

Жаракат алганына карабастан Акжол физикалык жактан калыбында болуу үчүн атайын көрсөтмө менен машыгып жатканын кошумчалаган.

Акжолдун Мындай билдирүүсүнө пикир калтырган күйөрмандарынын дээрлик баары анын батыраак сакайып кетишин каалаган тилектерин айтышкан.  

Ссылка: https://barometr.kg/grek-rim-krshch-balban-akzhol-mahmudov-butu-synganyna-karabaj-mashyguunu-ulantyp-zhatat



Добавить комментарий