Грек-рим күрөшү боюнча балбан Роман Царев улуттук курамадан чететтилди

24 декабря 2020 16:20 1596 Barometr
Поделиться в:
ok

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын спортчусу Роман Царев ушул жылдын 23-декабрнан тартып улуттук курамадан чететтилди. Бул тууралуу мамлекеттик агенттиктин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилей кетсек Роман Царев 23-декабрда, Бишкек шаарынын тургунунан 380 миң сом опузалап талап кылган деген шек менен кармалган.

 “Спортчунун этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Роман Царев 2020-жылдын 23-декабрдан тартып улуттук курамадан четтетилди.

Эскерте кетсек, аталган Кодекс 2017-жылы 3-майында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген.

Белгилей кетсек, Мамагенттиктин 2019-жылы 12-сентябрда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасына кабыл алуу жобосунун жана машыктыруучулардын кеңешинин  негизинде, 2020-жылдын 11-12-январында өткөн Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатында Роман Царев 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук курама командасына киргизилген”, - деп айтылат  маалыматта.

Эскерте кетсек, Роман Царев Сербияда күрөш боюнча өткөн Дүйнө кубогунда коло медаль жеңип алган Руслан Царевдин бир тууганы. 

Ссылка: https://barometr.kg/grek-rim-krsh-boyuncha-balban-roman-carev-uluttuk-kuramadan-chetettildi



Добавить комментарий