Грецияда мигранттарды уруп-сабап, жылаңачтап Түркияга жөнөтүштү

29 июня 2021 17:13 3030 Barometr
Поделиться в:
ok

Тиешелүү документтери жок 12 мигрант Грециядан Түркияга өтүүгө аракет кылып жаткан учурда Эдирне провинциясындагы чек арада кармалды. Бул тууралуу Haberturk басылмасына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Түркиянын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, Грециянын бийлиги Түркияга 42 мигрантты жөнөткөн, алардын ичинен 12 адамдын кийимин чечип алышкан.

“Эдирненин губернаторунун өтүнүчү боюнча мыйзамсыз мигранттарга Назымбей чарбагынын аймагына өтүүгө уруксат берилди. Алар менен сүйлөшүү маалында качкындар аларды Грецияда кармап алышканын, тамак жана суу бербей, уруп-сабап, кийимдерин чечип алышканын, ошондой эле Түркиянын аймагына күч менен кубалышканын айтып беришти”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/greciyada-myjzamsyz-migranttardy-urup-sabap-zhylaachtap-trkiyaga-zhntsht



Добавить комментарий