Гречканын сыры

3 февраля 2022 12:50 3255 Barometr
Поделиться в:
ok

Гречканын мекени Индия менен Непалдын тоолу аймактары болуп саналат. 20 кылымда гречканын "жармалардын падышасы" деп курамындагы пайдалуу витаминдер менен микроэлементтердин көп өлчөмдө болгону үчүн аташкан. Анын кандай пайдасы жана биз билбеген сыры бар? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Гречка 18 таптыргыс амин кычкылдарынан турат. Алар: темир, кальций, калий, фосфор, цинк, йод, жез, бор, фтор, молибден, кобальт ошондой эле, В1, В2, В9, Е витаминдери. Зат алмашууга жакшы таасир берип, гречка ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Гречка жармасы майдын пайда болуусуна кирбеген белокторго жана пайдалуу углеводдорго бай. Гречканын курамында кирген белоктун өзгөчөлүгү, анда амин кычкылдарынын көп өлчөмдө кездешүүсү. Бул ушул жарманы белоктун курамы боюнча эт менен бирдей азык-түлүктөрдүн катарына кирет. Ал эми табылгыс амин кычкылдарынын курамы боюнча гречка бурчак тукумундагы бобы, аш бурчак (горох) жана фасолдон кем калбайт. Гречканын курамына кирген белоктор организмдин радиоактивдүү заттардан тазалануусуна таасир берет. Гречка тамак аштын сиңүүсүнө жакшы таасир берген органикалык кычкылдардын топтомунан турат. Ошондой эле, ушул жарманын түрү атеросклероз,гипертония,жүрөк жана кан-тамыр оорулары катталган кезде сунушталат.

Тамак-аш рационуңузга гречканы кошууну кеңеш беребиз.

Ссылка: https://barometr.kg/grechkanyn-syry



Добавить комментарий