Кыргызстандын элчиси Минскде кыргыз-беларус мамилелерин талкуулады

14 августа 2019 14:58 475 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов Белорус Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Евгений Шестаковго ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматтыгын мындан дагы арттыруу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Элчи Э.Ибраимов кыргыз-беларус мамилелерин мындан ары да бекемдөө үчүн бардык аракеттерди кылары боюнча Беларус тарабын ишендирди.


Ссылка: https://barometr.kg/grammota-tapshyryldy



Добавить комментарий