Голливуд жылдызынын катышуусунда жаңы кыргыз тасмасы чыкты

26 октября 2018 10:30 1140 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Голливуд жылдыздарынын катышуусундагы  «Арзуу менен Америкага» аттуу жаңы кыргыз көркөм тасмасынын бет ачары болуп, кино эми Бишкектин баардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Тасма мигранттардын өз мекенине болгон сүйүүсүн, чыныгы достук, сүйүү сезимдерин даңазалайт. Фильм Кыргызстан, Казакстан жана АКШнын бир нече шаарларында тартылган.

Тасмага жергиликтүү жана Казакстандын актерлору тандалып алынып, ал эми Голливуддан белгилүү актер Марк Дакаскос тартылган. «Арзуу менен Америкага» фильмин Америкада жашаган кыргызстандыктар тартып, бул долбоорго баш аягы 300 миң доллар сарпталган.

Режиссёрдун айтымында кинону 6 ай убакытта тартуу бүтүүгө мүмкүн болчу, бирок, каражат тартыштыгынан улам тасманы тартуу иштери 2 жылга созулуп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/gollivud-zhyldyzynyn-katyshuusunda-zhay-kyrgyz-tasmasy-chykty



Добавить комментарий