Гүлжигит Калыков бала кезинде көргөн кыйынчылыктары тууралуу клип тартты
Ырчы Гүлжигит Калыков бала кезинде көргөн кыйынчылыктары тууралуу өзүнүн башынан өткөн күндөрдү чагылдырган клип тартты. Бул тууралуу ал жеке баракчасы аркылуу билдирди.
Анда: "Сүйүктүү бир тууган, ар бирибиз үчүн дүйнөдө эң кымбат жана эң жакшы көргөн адамыбыз бул-эне болот эмеспи. Андыктан назарыңыздарга суйүктүү апам экөөбүздүн жана үй-бүлөбүздүн башынан өткөргөн кыйынчылыктарыбыз чагылдырылган видео тасманы, башкача айтканда видеоклипти сунуштайм"-деп жазган.
Клиптен өспүрүм курактагы Гүлжигиттин кантип базарда иштеп, апасына жардам берип, кантип акча тапкандыгынан бери көрсөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/glzhigit-kalykov-bala-kezinde-krgn-kyjynchylyktary-tuuraluu-klip-tartty
Добавить комментарий ×