Гүлжайна Атаканова кийими жок талкууга калды: "Дагы жинге тийишсе купальниктеримди бүт жүктөйм"

24 май 2019 17:44 19441 5 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Куудул Гүлжайна Атаканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан жакшы жаңылыктары менен бөлүшүп келет. Ал акыркы учурларда байма-бай жүктөгөн сүрөттөрүндө окурмандары байкагандай бир форма менен түшкөндүктөп талкуу жаралды.

Хейтерлер бир ооздон “башка кийимиң жокпу?” деп суроо узата бергенден кийин Атаканова мына силерге деп туруп ар түрдүү кийимдер менен түшкөн 20 сүрөтүн жүктөп салды.

Куудул айым:

“Санагылачы кана канча кийимим бар экенин. Менин формам үчүн кыжаалат болгондор”, -деп сүрөттөрү менен бөлүштү.

Бул жоругун ал:

“Жанагы кара кастюм шымымды кийип киргиздим эле. Тим эле кастюм шымыма жармашып алышпадыбы башка кийими жок деп. Анан жиним келип мына сага деп кийимдеримди жүктөп баштадым. Дагы жинге тийишсе жаз, күз, кыш, жай, сахнага кийген кийимдеримди, купальниктеримди бүт жүктөйм”, -деп түшүндүргөн.

Белгилей кетсек Гүлжайна Атаканова жакында жапжаңы темир тулпарлуу болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/glzhajna-atakanova-kijimi-zhok-talkuuga-kaldy-dagy-zhinge-tijishse-kupalnikterimdi-bt-zhktjm



Добавить комментарий