Гүлзат Мамытбектин сүйүктүүсү Хуан Буэндиа Кыргызстанга үйлөнүү үчүн келди

22 декабря 2018 13:52 3924 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Өзүн кыргыздын эле эмес бүтүндөй планетанын "деми" деп атаган Гүлзт Мамытбектин жакында турмушка чыгаары тууралуу маалымат тараганы баарыбызга маалым. Көп өтпөй Мамытбектин "сүйүктүүсү" Испаниялык режиссер Хуан Буэндиа экендиги айтылган.

Гүлзат Мамытбек буга чейинки берген маектеринде:

"Болочок жолдошум буюрса Кыргызстанга келет. Ал биздин динди сыйлайт, кадимкидей эле нике кыйдырабыз. Анан тоюбузду Лондондо өткөрөлү деп пландап жатабыз" -деп айтканы бар эле.

Ал эми бүгүн Мамытбек өзүнүн Instagramдагы жеке баракчасы аркылуу "сүйүктүүм келди" деп жар салган видеосун жүктөдү. Бул жаңылыкты тактоо иретинде

Barometr.kg сайты Гүлзат айымга байланышып, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алды.


- Саламатсызбы Гүлзат айым? Сиздин Instagramдагы жеке баракчаңыздан сүйүктүүңүздүн келгендиги тууралуу жаздыңыз, бул тууралуу кененирээк айтып бере аласызбы?

-Албетте, мен азыр кубанычым койнума батпай турган чагым десем болот. Абдан бактылуу болуп турам. Ооба, Хуан бүгүн эртең менен келди, өзүм тосуп алдым. Баары жакшы.

- Хуан мырзаны балдарыңыз менен тааныштырдыңызбы, алар кандай кабыл алышты?

 -Чынын айтсам балдарымды али тааныштыра элекмин. Мен өзүм биринчи Хуанга көнүп алышым керек болуп жатат. Биз эми араң экинчи жолу жолугуп жатабыз. Аябай толкунданып турам.

- Сүйүктүүңүзгө Кыргызстан жактыбы?

 -Албетте жакты. Бирок ал бул жака келатканда "андай өлкө жок" дешиптир. Анан мен кайдайча жок андай өлкө. Мен жашап жатпаймынбы деп күлдүм. Келип аябай таң калды. Элдериңер ишээнчек экен деди. Мисалы аэропортто бирөө сумкамды карап турчу десе экинчиси карап кала берет экен, а бизде карап тур десең жоок эгер ичинде бомба бар болсочу деп качышат деди. Аябай жактырып, кызыгып жатат буюрса.

- Алдыда пландарыңыздар туралуу айтып кетесизби?

- Биз буюрса азырынча Кыргызстанда эле болобуз. Сүйүктүүм клиптерди, кинолорду тарта баштайт. Анан Ысык-Көлдө "Голливуд центр" ачабыз. Буюрса Кыргызстанды дүйнөгө таанытабыз, чогуу көтөрөбүз.

- Видео тасмада кызыңызга "Хуан кетти" деп атйканыңыз бар экен, Хуан мырза азыр сиз менен чогуу эмеспи?

- Ооба ал мени менен эле чогуу. Болгону азыр иним менен кыргыз симкарта алганга, шаар көргөнгө көчөгө чыгып кетишти. Хуанды иним коштоп жүрөт."

Мамытбек берген маегинде алдыда дагы көп пландары бар экендигин жана аларды Хуан менен чогуу ишке ашыра тургандыгын кабарлап, жаңылыктары менен бөлүшүп тураарын айтты.


Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbektin-sjkts-huan-buendia-kyrgyzstanga-keldi



Добавить комментарий