Гүлзат Мамытбектин аты окуучулардын китебинде жазылганы Билим берүү министрлиги үчүн уят деп элдер нааразы болууда

19 января 2019 20:05 8062 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мектеп окуучуларынын китебинде Гүлзат Мамытбек жүргөнүн кандай түшүнсө болот? Ушундай нерселерге жол берип жаткан, текшербеген Билим берүү министрлиги үчүн уялам деди Фейсбук колдонуучу Нурбек Орозалиев. 

"Дүйнөнү дүңгүрөткөн кызыбыз Гүлзат имиш. Бир тараптан күлкүң келсе, бир тараптан ыйлагың келет. Өтө өкүнүчтүү жана уят"-деп жазды ал өз баракчасына.

Гүлзат Мамытбектин аты окуучулардын ЖРТга даярдалган сынак китебинде жазылганын окуу үчүн мектептерге берилбегенин Актан Мамасалиев аттуу колдонуучу жазып чыкты. Посттун пикир калтыруу бөлүмү кызуу талаш-тартышка айланды. Көпчүлүгү сынак берчү китеп болобу, баары бир окуучулар окуй турчу китепке Мамытбектин атын жазып атышса, демек биздин Билим берүү министрлиги коррупцияга баткан же деңгээли төмөн түшкөн деген билдирүүлөр калтырылды. 


Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbektin-aty-okuuchulardyn-kitebinde-zhazylgany-bilim-ber-ministrligi-chn-uyat-dep-elder-naarazy-boluuda



Добавить комментарий