Гүлзат Мамытбек кышында муздак сууга жуунууга чакырып дем берүүгө өттү

14 января 2019 12:47 2897 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Белгилүү саентолог Гулзат Мамытбек өзүн кыргыздын демимин деп атоодон тажабай келет. Ал кыргыз элине гана эмес жалпы планетага дем берүү үчүн болгон аракетин жумшап келет. Акыркы учурларда Гулзат Мамытбек инстаграмдагы жеке баракчасы аркылуу жуунуп жаткан видеосун жүктөп дем берүүгө аракет кылууда. Болгондода видеодо Мамытбек муздак сууга жуунуп жатканын көрүүгө болот. Бул видео интернетке чыгаары менен катуу талкууга алынууда. Кээ бирлер Гүлзат айымдын бул кылганы туура эмес дешсе айрымдар тескерисинче Мамытбекти колдоого алышууда. Видео жана терс пикирлер тууралуу Гулзат Мамытбектин өзүнө байланышканыбызда:

"Мен мындай терс пикирлерге маани бербейм. Алар ошентип сүйлөгөн менен баарибир Гүлзат Мамытбектей болуп жуунуп көрөйүнчу деген ой келет. Буюрса бул видеолордон кийин Кыргызстандын жарымы муздак сууга жуунуп калат. Мен ушуну өзүмө адатка айландырып алдым. Баарына сунуштайм." -деп жооп берди.

Ана кошумча күйөөсү колдоп жатканын да кошумчалады.

Бул Гүлзат Мамытбектин жуунуп жаткан жеринен жүктөгөн экинчи видеосу.

Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbek-kyshynda-muzdak-suuga-zhuunuuga-chakyryp-dem-berg-tt



Добавить комментарий