Гүлшайыр Садыбакасова кызы ырчы Сайкал туулган күндөрүн белгилеп жатышат

10 декабря 2019 12:14 4300 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Кыз Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жана кызы ырчы Сайкал Садыбакасова бүгүн, 10 -декабрь туулган күндөрүн белгилеп жатышат.

Ырчы Сайкал Садыбакасова социалдык баракчасына бүгүнкү апасынын туулган күнүнө карата куттуктоосун калтырды.

“Алтыным апа! Туулган күнүңүз менен куттуктаймын! Өмүрүңүз узун болсун, бекем ден соолук каалаймын. Иним экөөбүздүн маңдайыбызга бар болуңуз, биз сизди жакшы көрөбүз. Өзүңүздүн туулган күнүңүз күнү, 10- декабрда мени да жарык дүйнөгө алып келип, бактылуу балалык жана ар дайым жанымда аска зоом болуп мага жакшы жашоо тартуулаганыңыз үчүн рахмат. Сиздин кызыныз болгонум үчүн Аллахка чексиз шүгүр кыламын. Малайзиядан туулган күндү мыкты тосуңуз жана белек ала келгенди унутпаңыз”, – деп куттуктоосун жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/glshajyr-sadybakasova-kyzy-yrchy-sajkaldyn-tuulgan-kndrn-belgilep-zhatyshat



Добавить комментарий