Глобалдык ысыктан улам бөйрөк оорусунун эпидемиясы келип чыгышы мүмкүн

22 октября 2021 15:21 1506 Barometr
Поделиться в:
ok

Дарыгерлер глобалдык ысыктан улам дүйнөнүн миллиондогон жумушчуларында бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздик оорусунун эпидемиясы келип чыгышы мүмкүн деп эсептешет. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Дарыгерлер бөйрөктүн өнөкөт оорусу ысыктын стрессинен улам пайда болорун белгилешет. Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде температура жогорулаган сайын бөйрөк оорулары көбөйө бермекчи.Эң негизгиси бул оору кара күч эмгеги менен иштегендердин арасында таркалары белгиленүүдө.

“Ысык уруп кетүү миллиондогон адамдардын каржысын алсыратат жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча баардык аракеттерди текке кетириши мүмкүн”,-дейт Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топтун мурдагы мүчөсү Торд Кьеллстром.

Guardian басылмасы бөйрөк оорулары Борбордук Американын айыл аймактарында айыл чарба жумуштарын иштегендердин арасында көбөйгөнүн, бул оору ошондой эле Түштүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Индияда көп катталып жатканын кабарлады.

Ссылка: https://barometr.kg/globaldyk-ysyktan-ulam-bjrk-oorusunun-epidemiyasy-kelip-chygyshy-mmkn



Добавить комментарий