Гүлнур Сатылганова: "Эркин Мээрканов болбосо Кайрат Кыргыз жүрмөк дагы деле чыга албай"

2 сентября 2018 19:45 13974 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кайрат Кыргыз менен анын продюсери Эркин Мээркановдун чыры ырбап олтуруп, эми сотко жетти. 

Буга продюсер: “Кайрат жаңы иштешип баштаганда менин бир сөзүмдү эки кылчу эмес. Акыркы кезде жылдыз оорусуна кабылып, көөп кетти, - деп аны менен сот аркылуу чечишүүнү туура көргөн. Бул чырга атактуу ырчы Гүлнур Сатылганова дагы өз оюн интернет баракчасы аркылуу билдирди. 

Анда мындай деп айтылат:

"Кайрат Салмакеев буга чейин ырдап эле жүргөн, бирок бир ырды да элге жеткире алган жок, көпчүлүгү тааныбачу. Албетте Эркин Мээрканов болбосо мынчалык чыкмак эмес, дагы эле жүрмок да чыкса чыкпайт беле жашы деле бизден бир аз эле кичүү, мына бир жылга жетпей жаманбы жакшыбы Кайрат Кыргыз деген ат популярдуу болду, акыркы кездерде продюссерин укпай өзү каалагандай болуп, -"шортик кийип алып эфирге барыптыр, интервью берип, ар нерсени ойлонбой сүйлөп салыптыр "- деп Эркин досум күйүп айтып жатты эле, Эркиндин мыкты чыгармасы менен деңгээли бир топ көтөрүлдү эле, орустар айтмакчы " Сколько волка не корми, всё равно смотрит в лес "- болуптур да... Кайраттын бул кылганы туура эмес, Эркин өзү абдан ак көңүл, адамгерчиликтүү, өтө таланттуу бала, "Инсан" тобун түзүп 30 жылдан бери жетектеп келет, мен өзүм 20 жылдан бери иштешип жүрөм абдан жакшы билем, менин репертуарымдагы көп соонун ырлардын автору ( Апакем, Санат ыры,Керемет дүйнө, Ал сүйүүнүн келгени. Ашыктык ыры, Күн достор, Жалындат, Тууган жер, деген ырлардын автору) Бир эле мен эмес көп ырчылар менен иштешип жүрөт.Ушул Кайрат Кыргызды чыгарам деп болгон акчасынын баарын жумшаганын да билем, "Жаштык кез" деген ырын Эркин -«дуэт ырдап койчу"- деп суранганынан досумду колдоп ырдадым эле, себеби ыр да сонун ыр. Сотко берип жатса демек Кайрат ошончолукка жеткирген, Кайрат Эркиндин эмгегин төлөп бериши керек. Же кутурбай беш жыл иштеш керек болчу, чыгармачылыгын андан да өстүрсө болмок, бирок, уяты, тартиби, жоопкерчилиги, адамгерчилиги жок болгон үчүн ушинтип жатат да, андан эми эмнени күтүүгө болот.. Калп сүйлөгөн адамдан түңүлүш керек. Соонун, түбөлүктүү ырларды, чыгармаларды жаратып элге тартуулап, ак эмгеги менен жашап жаткан ТАЛАНТТАРДЫН көңүлүн оорутуп капа кылган адамдар Кудайга да жакпайт...

Эркин сен таланттуусуң, сени дайым колдойм жана сени алдыда чоң ийгиликтер күтүп турган болсун!"

Ссылка: https://barometr.kg/glnur-satylganova-erkin-meerkanov-bolboso-kajrat-kyrgyz-zhrmk-dagy-dele-chyga-albaj



Добавить комментарий