Гүлнур Асанова: "Менин жиниме тийбей жөн жүр! Кантип келип, кимди узатканыңды көрүп жүрөм. Жөн жүр!" деп Асемага айттыбы?

27 декабря 2018 17:05 9858 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Шоу-бизнесте атаандаштык, пикир келишпестик, чыр-чатактар абдан көп болот эмеспи. Мындай чырлар Кыргызстандын шоу-бизнес чөйрөсүндөгү өкүлдөрүнүн ортосунда да көп болуп турат. Акыркы учурлардагы "жылдыздардын" чырларын уккан карапайым калк таң калгандарын жашыра албай эле отуруп калышууда. Мындай таарынычтарды калкка жеткирүүнүн азыр мурдагыдан да жеңил жолу пайда болгон. Бул албетте - Instagram. Бүгүн Гүлнур Асанова өзүнүн Instagramдагы жеке баракчасына кесиптештеринин бири менен болгон атаандаштык тууралуу жазып, ал кесиптешине эскертүү жазды.

"Кээ бир адамдын укмуш акылдуу болуп, элге жакшы көрүнүмүш болгонун силер дагы байкасаңар жөн гана мыйыгыңардан күлсөңөр керек. Андай адамдар ар бир чөйрөдө кездешет да. Акыл үйрөткөнгө жараша өзү абдан кыраакы, бардык жактан төп келген, ички дүйнөсү менен сырткы келбети таза болуш керек да туурабы? Ичип-чегип, сөгүнүп, ыплас нерсени кылып (жолдошуң, балдарың бар туруп), бирөөнү сөз кылып ушактап, бирөөгө көралбастык кылып, бирөөнүн кайгысына күлүп, анан эле түптүз, периште көрүнгөн адамды түшүнө албайм. Сөзүң барбы дагы? Анда эми өзүң эле жумушка кел! Же дайымкыдай үйгө кел! Бирөөнү агент кылып жөнөтпөй! Сөзүң калбадыбы, анда өз ишиң менен эле алек бол! Канча айтам ичиңди кенен кой! Бул жашоо өтөт-кетет! Кийинки жашообузду деле ойлонсоң боло! Же ичээр сууң түгөнбөйт дейсиңби? Баары Аллахтан! Көңүл дегенди эч эле түшүнбөйт турбайсыңбы...Каап, адам бир кечирет, эки кечирет, үчүнчүсүндө жөн гана угуп, күлүп коет. Бирок, күлүп койгонду алсыздык деп эсептебе да! Өзүң душмандашпайлы дейсиң, а бирок кылып жаткан ишиң дал эле душмандыкындай! Кудайга тообо, таң калтырып жатасың ооо периште! Ушу мага периште болбочу жок дегенде макулбу?! Адатыңча элди алдай бер! Ооба, жыландын тили уу, ал кээде гана чагат. Көрүнгөндү эле чага бербейт. А тийишкенди! Тийишкенди! Жөн жашасаң болбойбу? Өз оокатыңды кылып... Атандашпай эле! Канча айтам, экөөбүз эки башка пендебиз деп! Мен салттуу музыканын алып жүрүүчүсүмүн, а сен... Мен жөнөкөй элемин.., а сен... 7 жыл музыкалык билим алдым ырдап чыгыш үчүн, а сен... Кино дүйнөсүнө 6 жашымдан аралаштым...а сен... Өзүмдүн үнүмдүн диапазонун билем.., сеникин дагы... Эң негизгиси эки сүйлөбөйм! Бирөөнү ашатып жамандап, эртеси алтыным деп мактап, инстаграмга сүрөт жүктөбөйм! Ии койчу кайсы бирин айтайын... Менин жиниме тийбей жөн жүр!  Ахунбаева көчөсүнө чейин кинотеатр бар, кайсы машина менен кантип келип, кимди жөнөткөнүңө чейин эмки постто жазып коем! Жөн жүр! Аллахым ырыскыны ар пендеге берет! Пенде кызганганга акысы жок! Бирөөгө жамандык кылба, уйкуң соонун болот. Мен чын жүрөктөн сенде жакшы болуп кетсин деп эле тилейм. Болбосо мени андыганың аңдыган! Ошондо мага убактың жок болуп калабы дейм да." -деп жазды Асанова өз постуна.

Анын постун окуп чыккан ар бир адам да "Бул ким болушу мүмкүн?" деген суроо жаралбай койбойт. Чындып эле кыргыз "жылдыздары" бири-биринин артынан киши коюп, аңдып калганбы деген ойлор курчап алаары шексиз.

Гүлнур Асанованын бул кайрылуусун окуган анын ар бир катталуучусу өз пикирин жазып, постту кызуу талкууга алышууда.

Пикир жазуучулардын айтымында постто сөз ырчы, актриса Асема тууралуу болуп жатат. Эки атактуунун ортосунда калк билбеген атаандаштык бар экендиги айтылууда.

Катталуучулардын бири "Асема ошондо ушундайбы ээ Саната, Назгуль дегендер экөөңөр менен тең дос го, ошолор жараштырып койбойбу же экөө сөз ташыйбы эки жакка?" деп суроо салды. Анын бул суроосуна Гүлнур Асанова "Назгуль сөз ташыбайт, экөөбүз 8 жылдан бери курбубуз. Бир сырдуу" деп жооп берди. Эгерде бул сөздөрдөн жыйынтык чыгара турган болсок анда Асанова чындап эле Асема менен касташып жатат деген тыянака келүүгө болот. Бирок азырынча эки ырчы тарабынан да ачык айыптоо боло элек.

Эске салсак ырчылар мындан бир аз убакыт мурда жеке сулуулук салондорун ачышкан эле.

Гүлнур Асанова кийинки постто далилдери менен, ким экенин ачыктап жазаарын да белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/glnur-asanova-menin-zhinime-tijbej-zhn-zhr-kantip-kelip-kimdi-uzatkanydy-krp-zhrm-zhn-zhr-dep-asemaga-ajttyby



Добавить комментарий