Гүлнур Асанова эмнеге "жоолукчандарга" ирээнжигени тууралуу айтты

25 марта 2019 10:42 9098 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Гүлнур Асанова акыркы учурда аны сынга алгандардын сынындарына терс маанидеги сөздөрүнө чыдай албай жинденгенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Гүлнур Асанова өзүнүн баракчасына:

"Жоолук салынып, 5 маал намаз окуп, Аллахтын жолунда жүрүп бирок, сүйлөгөнү ушак, бирөөнү каргап шилеп, билип билбей күнөөлөп, ушактап комментарий жазгандарды көрсөң бир сүйлөмдө 3-4 орфографиялык ката... Аллахты ортого коюп калп сүйлөп койгонун көрүп, бир эмес мына сага 3 жоолук салынган аялдан тилекке каршы ирээнжидим. Башкаларга үлгү болсоңор жакшы болмок! Көп нерсе жазгым келет, аттиң... Тилимди тиштеп турганга туура келет экен кээде. Балким ушулар да мага Аллах аркылуу келген сыноодур. Сабырымды текшерип жаткандыр", -деген өкүнгөн постун жазып окурмандарын чууга салды.

Көпчүлүк ырчыны катуу сынга алып "жоолукчандар тууралуу минтип жазганын туура эмес" дешип нааразычылыктарын билдиришти. Ал эми айрымдар чындыгында дин жолунда жүрүп бирок ниети жаман адамдар бар экенин айтышып ырчыны колдоого алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/glnur-asanova-emnege-zhoolukchandarga-ireenzhigeni-tuuraluu-ajtty



Добавить комментарий