Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды
Поделиться в:
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат КРнын Армениядагы элчиси катары дагы иштемей болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган маселе Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында каралган. Комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов буга каршылыгын билдирип, Россиянын элчисин Арменияга дагы элчи кылып дайындап ишин көбөйтпөө керектигин билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/glnara-klara-samat-kyrgyzstandyn-armeniyadagy-elchisi-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×