Гүлнара Каримованын дагы бир иши тергелип бүттү. Эми барын сот чечет

6 январь 2020 18:19 1762 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маркум экс-президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага карата козголгон дагы бир кылмыш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Telegram каналында маалымдалды.

"Башкы прокуратура Гүлнара Каримовага жана башка кишилерге карата кылмыш ишин тергеп бүттү. Шектүүлөр негизинен акча талап кылуу, бюджеттин каражатын уурдоо, чет жакта кылмыш жолу менен табылган акчаларды мыйзамдаштыруу менен шугулданган", — деп айтылат маалыматта.

Эми кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

2019-жылы августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каримовага карата бюджеттик каражатты уурдоо жана өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Каримова акча талап кылуу, салыктан качуу фактылары боюнча 2015-жылы августта соттолгон болчу. Андан сырткары ага башка кылмыш иштери боюнча да айыптар коюлган. 2017-жылы 18-декабрда дагы бир кылмыш ишинин алкагында ага соттун акыркы өкүмү чыгып, 10 жылга чейин эркинен ажыратылган. Бирок "Каримова кылмыш жолу менен табылган акчаларды кайтарып, мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берем" дегени үчүн сот 2018-жылы 1-июлда анын жаза мөөнөтүн жеңилдетип, беш жылга кыскарткан.

Гүлнара Каримовага козголгон эки кылмыш иши боюнча мамлекетке 2 миллиард доллар чыгым келгени маалымдалган. Андан сырткары Өзбекстан 12 мамлекеттеги жалпы суммасы 1,5 миллиард доллар болгон активдерди камакка алууну демилгелеген.

Ушул тапта Каримова жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/glnara-karimovanyn-dagy-bir-ishi-tergelip-btt-emi-baryn-sot-chechet



Добавить комментарий