Гүлнара Каримова 686 млн. доллардан баш тартарын айтып, Мирзиёевден бошотууну суранды
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевден аны бошотууну суранып, 686 миллион доллардан баш тартарын айтты. Каримованын жазган катын кызы Иман Каримова өзүнүн Instagram менен Facebook баракчаларына жазды.
Каримова катында Швейцарияда тоңдурулуп турган 686 миллион доллардан баш тартары так жазылган. Андан сырткары такай бир абактан экинчисине көчүрүлүп жаткандыктан абалы начар экенин билдирген. Ошондой эле, Өзбекстандын Конституциясы менен Кылмыш-процессуалдык кодекстеринин нормалар одоно бузуу менен козголуп жаткан аягы жок кылмыш иштери да ден соолугуна залакасын тийгизип жатканын айткан.
Гүлнара Каримова катында өзүнө жана балдарына таандык болгон жалпы суммасы 1,2 миллиард доллар болгон мүлк камакка алынганы менен мамлекетке келтирилген чыгым катары кабыл алынбаганын өкүнүү белгилеген.
Каримова ден соолугун жана үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн Швейцарияда тоңдурулуп турган 686 млн. доллардан толугу менен баш тартууга даяр экенин, ошону менен ага козголгон кылмыш иштерин жабууну суранган. Ал баш тарткан каражатты гуманитардык долбоорлорго жумшаса болорун билдирген.
Добавить комментарий ×