"Гладиатор" тасмасынын экинчи бөлүгү тартылат
Бардык тарыхый кино сүйүүчүлөр "Гладиатор" тасмасын жакшы билишсе керек. Андагы башкы каарман Максимусту кимдер гана тааныбайт. Кинотасманын жаратуучусу Ридли Скотт эми кинонун экинчи бөлүгү тартыла тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу The Hollywood Reporter жазды. Маалыматта айтылгандай, экинчи бөлүктө императордун небереси Марк Аврелия Луциянын тегерегиндеги окуялар тартылат. Бул жолу кинону белгилүү киностудия Paramount тартат. Ал эми сценарийин "Голодные игры" кинотасмасынын сценарийин жазган Питер Крэйг жазмакчы болууда.
"Гладиатор" 2000-жылы жарыкка чыгып, 5 жолу Оскар сыйлыгын алган. Тарыхый кино сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн бат эле орун таап, азыр деле тажабай кайра көргөндөр бар.
Ссылка: https://barometr.kg/gladiator-tasmasynyn-ekinchi-blg-tartylat
Добавить комментарий ×