ГЭС-5 көлмөсүнө 25 жаштагы бала чөгүп кетти
Поделиться в:
Кечээ, ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 25 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районунда жайгашкан ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 1995-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жыйынтыгында маркумдун жансыз денеси табылып, көлмөдөн чыгарылды.
Сөөк ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/ges-5-ajylyndagy-klmg-erkek-kishi-chgup-ketken
Добавить комментарий ×