Германиянын канцлери Ангела Меркель карантинге киргизилди

23 марта 2020 15:54 1493 Barometr
Поделиться в:
ok

Германиянын канцлери Ангела Меркель бир нече күн мурда контакт болгон дарыгерден коронавирус табылды. Андыктан Меркель үй карантинине алынды. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффан Зайберт билдирди.

“Канцлер үй карантинине алынганына карабай өзүнүн милдетин аткара берет”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Меркель Германияда карантин чаралары күчөтүлө турганын билдирген. Эми бир жерге эки кишиден көп чогулууга тыюу салынды. Ошондой эле кишилер менен болгон алака-катышты дагы азайтуу сунушталды. Ал эми коомдук транспортко түшкөндө 1,5-2 метр аралыкты сактоо керек. Бул эрежелерди бузгандарды укук коргоо органдары көзөмөлдөп турат.

Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө алынган маалымат боюнча Германияда коронавирус 22 672 кишиге жукканы ырасталып, 86 киши каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/germaniyanyn-kancleri-angela-merkel-karantinge-kirgizildi



Добавить комментарий