Германияда "Жамиля" кино тасмасы немис тилинде коюлду

15 июня 2018 06:35 1977 Barometr
Поделиться в:
ok

 Халле шаарында (Германия) Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында «Жамиля» тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү.

Тасманы көрсөтөөрдөн мурун, көп жылдан бери залкар жазуучунун чыгармачылыгы менен алектенген жазуучу-айтматовчу, адабий критик Ирмтрауд Гучке фильм тууралуу кыскача айтып берип, ошондой эле суроолорго жооп берди.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев катышкандарга ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматов улуу ойчул болгонун жана азыркы убакытка чейин жазуучунун чыгармачылыгы бүткүл дүйнөдөгү окурмандарга кызыктуу экенин белгиледи.

Иш-чара жылуу маанайда өткөрүлүп, ал эми «Жамиля» тасмасы көрармандарга унутулгус элес калтырды-деп билдирет Тышкы Иштер Министрлигинин басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/germaniyada-zhamilya-kino-tasmasy-nemis-tilinde-koyuldu



Добавить комментарий