Германияда элдер эс алуучу көлдүн ичинен узундугу 2 жарым метр анаконда чыкты
Германиядагы Латумер Зе көлүнөн узундугу 2 жарым метр сары анаконда кармашты. Бул тууралуу 29-августта DW маалымат агенттиги билдирди. Жергиликтүү бийлик анаконданын кандайча көлгө кирип кеткендиги тууралуу тактап жатышат. Окуяга байланыштуу элдер эс алуучу көлдүн жээгин тосуп, киргизүүгө тыюу салынды. Латумер Зе көлү туристтерди чакырган эс алуучу көлдөрдүн бири. Андыктан бийлик дүйнөдөгү эң ири сойлоп жүрүүчү жыландын түрү көлдөн табылгандыктан туристтерди киргизүүгө тыюу салды. Маалыматка ылайык, мындай жыландар чакпайт,бирок ороп кысып өлтүрөт.
Анаконданы алгач 24-августта балык уулап жүргөн адам көрүп калып, дароо куткаруучуларга кабар берген. Куткаруучулар эс алуучу жайдын жээгинен кармашты.
Буга чейин Бразилияда анаконда жолду тороп жатып алганы белгилүү. Лондондо үйдүн ичинен дагы чоң жыланды табышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/germaniyada-elder-es-aluuchu-kldn-ichinen-uzundugu-2-zharym-metr-anakonda-chykty
Добавить комментарий ×