Профессор Абдыров: “Германия же Түштүк Кореянын жашыл экономика жолуна түшсөк жаман болбос эле”

19 августа 2019 12:47 1261 Barometr
Поделиться в:
ok

Жашыл экономика Кыргызстанга керекпи, ал керек болсо кандайча, эмнеден баштап өнүктүрүүгө болот? Кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасы бизге ылайык келет? Ушул боюнча экономика илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык университеттин экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы Төлөнбек Абдыров биз менен ой бөлүштү.

-Төлөнбек мырза, сиз Кыргызстанга жашыл экономика керек деп ойлойсузбу?

-Башында жашыл экономика боюнча талкуулар башталганда “Бизге жашыл экономика керекпи? Азыркыдай эле “күрөң” экономикада кала берсек неге болбосун?” деген суроолор пайда болгон.

-“Күрөң” экономика дегенибиз эмне?

-Илгертен бери эле өндүрүштө, айыл чарбада иштеп келе жаткан багытты “күрөң” экономика деп коебуз. Ал болсо азыркыдай эле жаратылыш ресурстарын колдонуу менен өндүрүштү иштетүү, киреше табуунун жолу. Жогорудагыдай талкуу мындан чыкты: “күрөң” экономикадан жашыл экономикага өткөндө аябагандай чоң каражатты, инновациялык ыкма менен иштөөнү, алдыңкы технологияларды ишке киргизүүнү талап кылынат. Булардын бардыгы чоң каражат. Кыргызстандын азыркы шартында ошондой иштерди турмушка ашыра алабызбы деген талкуулар болду.

-Мисалы, кандай чыгымдар талап кылынат?

-Жашыл экономикада жаңы технологиялар керек, жаңы үрөн, жаңыча жүргүзүлө турган сугат иштери, айтор, буга чейин иштелип келген көп иштер модернизацияланууга дуушар болот. Биз үчүн бул иштер абдан кымбатка түшпөйбү деген ой болду. Анан калса, азыр бизде союз кезиндегидей күркүрөп иштеп жаткан өнөр жай өндүрүштөрү жок, жаратылышка деле аябай катуу таасир тийгизгенибиз жок.

-Бирок акыры жашыл экономикага өтүү чечими кабыл алынды...

-Ооба. Азыркы учурдагы дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, бизге жашыл экономика керек деген жалпы чечимге келдик. Себеби Кыргызстан ушул бойдон тура бербейт, эртеби-кечпи өнүгөт. Өнүгүү үчүн албетте, жаңы технологиялар талап кылынат. Эгер жалпысынан карасак, жашыл экономиканын негизги принциби жаратылышка аяр мамиле жасап өнүгүү. Себеби жер жүзүндөгү демографиялык абалды алсак, эл жылдан жылга көбөйүүдө. Алардын бардыгына тамак-аш, кийим-кече жана башка ресурстар азайып, жер дагы тарып бара жатат. Демек, азыр колдо бар ресурстардын бардыгын колдонуп салсак, кийин эмне болот? Ошон үчүн жашыл экономика технологиясынын жолуна түшүү бир чечим болуп калды. БУУнун алдында PAGE деп аталган беш-алты багыттан турган эл аралык уюм түзүлгөн. Аны Бразилияда 20 чоң мамлекет катышкан жыйында кабыл алышкан. Алар кайсы өлкөлөр жашыл экономика боюнча атайын программа түзүп ага кирем десе, ошого мүмкүнчүлүк берип жатышат. Кыргызстан да ага 2012-жылы кошулган. Биздин Жогорку Кеңеш да жашыл экономика боюнча атайын концепция иштеп чыкты. Жашыл экономика боюнча негизги программа Экономика министрлигинде ар тараптан иштелип, негизги жети багыт аныкталды. Ошол жети тармак тең инновациялык технологияларды, көп каражатты талап кылат. Алардын ишке ашуусуна шарттарды түзүш керек. Президент да “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялабадыбы. Жогоруда иштелип чыккан программа да ушул чакырыктарды ишке ашыра тургандай болушу зарыл.

-Органикалык айыл чарбасы тууралуу айтсаңыз? Деги Кыргызстанда анча-мынча болсо да барбы?

-Бизде эң негизги чарба - айыл чарбасы. Анда деле мурдагыдай иштөөгө жол берилбей калды. Себеби Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБдин алкагында деле эл аралык стандарттар кирген, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө талаптар күчөтүлгөн. Демек, булар деле бир чети жашыл экономиканын талаптарына туура келип жатат. Биздин айыл чарбабыз бара-бара ошол талаптарды аткара турган жолго өтөт.

-Аймактарда органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүп жаткан чарбаларды билесизби?

-Жалал-Абад облусунда кара өрүк же кайналы көп өсөт. Совет доорунда деле аны Кыргызстандан тышкары сатып аз да болсо пайдасын көрүшчү экен. Бүгүнкү күндө жалал-абаддык дыйкандарга GIZ (Германия кызматташтык уюму) жардамга келди. 57 жамаатка 1100дөн ашык дыйкан чарбалары бирикти. Алар кайналыны Германияга органикалык өсүмдүк катары сатышууда. Анүчүн кандай талаптар зарыл болсо дыйкандар ошонун бардыгын сактап өстүрүп жатышат. Органикалык өсүмдүк экендигин аныкташ үчүн кайналы көп текшерүүлөрдөн өттү. Эми кайналыны сыртка сатуунун көлөмү көбөйө баштады. Мурда Россияга килосун болгону 13 сомдон сатып келишсе, азыр Германияга 80 сомдон сатып жатышат. Кайналынын баасынын жогору болушу дыйкандарга чоң стимул берди.

-Сөзүңүзгө аралжы, Германияга эл аралык сертификат менен сатыш керек да. Дыйкандар бул жагын кандай чечишти?

-Мына ушул ишке GIZ уюму баштан аяк жардам берди. Мен да башкаларга жардам болсун деп, ушундай ишти кантип даярдоо боюнча атайын колдонмо жазып жатам.  А кайналыны текшерүү Германиядагы лабораториядан өткөрүлдү. Демек, мамлекет сертификаттары эл аралык деңгээлде таанылган лабораторияларды салышы керек. Жалал-абаддык дыйкандар адегенде 30 тоннадай кайналы сатышса, азыр 300-400 тоннага жетип калды. Эми кайналыны органикалык өстүрүүгө да инновациялар керек экен. Мисалы, суудан деле бир топ маселе чыгат. Андан башка алчанын түбүнө кайналынын башын бириктирип туруп өстүрсө, кайналынын мөмөсү бир топ чоң болот экен, анткени алчанын тамырлары башкача болуп, сууну жер алдынан жакшы кабыл алат. Ушу сыяктуу ыкмалар бар. Биздин чарбалар ушундай инновациялык жолдорду таап аракет кылышууда. Негизгиси, айыл чарбасында бардык жумуштарды органикалык жолго салып алса, калганы жеңил кетет.  

-Баткенде кокон гилас мыкты өсөөрүн билебиз. Ошону да жогорудагыдай жолго коюуга болор беле?

-Баткен Тажикстанга жакын болгондуктан, ошол жактан келип сатып алып кетишет экен. Себеби аларда логистика, маркетинг иштерин жолго коюп алышыптыр.

-Сиздин оюңузча кайсы министрлик же мекеме жашыл экономиканын талаптарын жакшы түшүнүп ишке ашырууга даяр деп ойлойсуз?

-Ачыгын айтканда биз буга жаңыдан аттандык, эми жаңыдан түшүнүп жатышат. Айрыкча жеке ишкерлер жаңы технологияларды алып келип ишке киргизүүдө абдан аз болуп жатат. Азыр өкмөттөгү программа бекитилсе конкреттүү иштер башталат деп ойлойм. Мисалы, биздеги Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде эле жаратылышты коргоо боюнча 33төй мыйзам, өкмөттүн токтомдору жана башка маанилүү буйруктардан 96сы бар. Кыргызстан мындан башка 14 эл аралык конвенцияларга кол коюптур. ЕАЭБге киргенден бери 14 техрегламенттин үстүндө иштеп жатыптырбыз. Буларга карабай эле бак-дарактар кыйылып, аба бузулуп жатат. Бул демек, ар бирибиз жогорудагы мыйзамдарды аткарышыбыз керек экендигин айтып турат. Кыргыздарда байыртадан бери эле табиятка аяр мамиле жасоо канында болгон. Мисалы жайлоо, жаздоо, күздөө, кыштоо деп өздөрү жашаган жерди аткарган функциясына жараша бөлүштүрүп келишкен да.  

-Сиз эксперт катары жашыл экономикага өтүп жатышкан башка өлкөлөрдү да изилдеп чыксаңыз керек. Дүйнөдө кайсы өлкөлөр жашыл экономика боюнча жакшы иштерди жасап келе жатышат?

-Германиянын мисалын карасак, эң биринчи жаратылышты коргоо иштерин алар 1972-жылы эле башташкан. Андан кийин 20 жылдан кийин башка өлкөлөр башташты. Азыр Германияда абанын бардык жагдайын текшерген, суунун тазалыгына көз салган жабдыктар турат. Бак-дарактарды отургузуу аларда массалык жол менен жүрүп, бардык шарт түзүлгөн. Бавариядагы жаратылышты коргоо министрлигине барсак, имараты 4, 5 кабат эле экен. Ошол имарат бүт айнектен курулуп, чатырында күн энергиясын ала турган жабдуулар орноптур, ал имаратта электрэнергиясы колдонулбайт экен. Өзү автономдуу жарык болуп турат. Ичиндеги лифт, компьютерлер дагы башка эмне электрэнергиясын керектесе, ошолордун бардыгы энергияны күндөн алат. Ошондой имараттардын ашыкча энергиясын мамлекет сатып алып турат. Бардыгы жаратылышка зыян келбей турган ушундай жолго коюлуптур. Түштүк Кореяда да ушундай. Түштүк Кореянын жери Кыргызстандын жеринен эки эсе кичине. Алардын да жери биздикиндей тоолуу, элинин саны 53 млн. адам, айдоо жери аябай аз. Булар негизи күрүч айдашып анан күнөсканаларда ар кандай жер-жемиштердин түрүн өстүрүшөт. Ошону менен өздөрүн камсыз кылып анан экспортко да чыгарышат. Мен айылдарын көрүп чыктым, айылдын эли 30, 40 кабат үйлөрдө жашашып, жерди абдан эффективдүү пайдаланышат экен. Ошол жерлерге күрүч, күнөсканаларга жашылча-жемиш айдашат.

А биздин сонун айдоо жерлерибизге үйлөр салынып, жакшы жерлер дагы курулуш үчүн трансформация болуп жатат. Биз дагы азык-тулук коопсуздугун кантип камсыз кылабыз деп ойлошубуз керек. Анүчүн Германиядагыдай же Кореядагыдай жолго түшүүбүз зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/germaniya-zhe-tshtk-koreyanyn-zhashyl-ekonomika-zholuna-tshsk-zhaman-bolbos-ele



Добавить комментарий