Герань гүлү Англия королун уйкусуздуктан арылткан
Герань гүлүнүн жалбырагынан стафилококк бактериясын өлтүрүү үчүн суюктук даярдап бактериялардын үстүнө куйганда жарым сааттан кийин бактериялардын басымдуу бөлүгү өлгөн. Көрсө, герань микробдорду өлтүрүүчү заттарды бөлүп чыгарат экен. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Герандын курамынан пектин, кант, крахмал, камед жана танин затын кезиктирүүгө болот. Жалбырагы менен тамыры да дары катары колдонулуп келет. Герандын тамырынан ооз көңдөйүн чайкап жүрүүчү жана мурун канын токтотуучу дарылар жасалат. Кызыгы герань гүлү Англия королун уйкусуздуктан арылткан
Уйкусуздуктан арылууда: нерв системаларынын ишин жөнгө салып, уйкусуздуктан арылуу үчүн күнүгө кечинде 20 грамм герандын жалбырагынан сыгылып алынган ширеге теңме-тең кылып кайнатылган суу кошуп ичиңиз.
Бул ыкманы уйкучулар колдонсо ийгиликтерге тез жетчүдөй.
Ссылка: https://barometr.kg/geran-gl-angliya-korolun-ujkusuzduktan-aryltkan
Добавить комментарий ×