Геннадий Базаров ден соолугу начарлап, жандандыруу бөлүмүнө жатып калды

10 марта 2021 22:02 2576 Barometr
Поделиться в:
ok

Режиссёр, сценарист Геннадий Базаров оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жатып калды. Бул тууралуу журналист, коомдук ишмер Ассоль Молдакматовнанын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кече, 9-март күнү кечинде Геннадий Садырович реанимацияга түшүп калыптыр. Дарыгерлер бар күчүн жумшап, таланттуу режиссердун ден соолугу үчүн күрөшүп жатышат.

Мен Кудайдан талантуу инсан, менин насаатчымдын аман-эсен сакайып кетишин тилеп жатам. Сиздерден да суранаарым, дуа кылып, ден соолук тилеп коюңуздар.

Геннадий Садырович батыраак сакайып, жагымдуу жылмаюңуз, таамай айтылган тамашаңыз жана кайталангыс кино тасмаларыңыз менен кыргыз элин кубантып аман болуңуз”, - деп жазды Молдакматова.

Ссылка: https://barometr.kg/gennadij-bazarov-den-soolugu-nacharlap-zhandandyruu-blmn-zhatyp-kaldy



Добавить комментарий