Гамбург шаарында дизелдик кыймылдаткыч менен жүрүүчү унааларга тыюу салуу күчүнө кирди
Поделиться в:
Гамбург шаарында эски дизелдик кыймылдаткыч менен жүрүүчү унааларга карата тыюу салуу 31-майдан баштап расмий түрдө күчүнө кирди. Бул чектөө райондун бириндеги магистралдык трассанын эки тилкесинде киргизилди. Алгач айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң алар 25-75 еврого чейин айыпка тартылаарын germania.one сайты жарыялады.
Федералдык транспорт министри Андреас Шойердин айтымында атайын чараларды колдонуу аркылуу бул көйгөйдөн арылууга шарт түзүлөт. Мындай унааларга тыюу салуу аркылуу абадагы азот кычкылын азайтуу максаты көрүлөт.
Добавить комментарий ×