Гаджеттердин зыяны канчалык?

9 сентября 2022 08:30 1837 Barometr
Поделиться в:
ok

Күн сайын тогуз саатка чейин көп офис кызматкерлери экрандуу электр түзүмдөрүнүн маңдайында отурат жана анын кесепеттери тууралуу ойлонуп дагы коюшпайт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Чындыгында гаджеттердин кесепттери көп. Төмөндө аларга көз жүгүртүңүз.

Туура эмес абал

Экранга дайыма эңкейип кароо моюндун жана далынын булчуңдарынын жыйрылып калышына алып келет. 

Бул үчүн компьютерге эңкейбей түз отурган абалда, ал тургай бир аз чалкалап караган абалда караган жакшы. Мындай адат далынын талып кетишин алдын алат.

Көгүлтур нурлануу

Мониторлор менен телефондордон чыккан нурлануу организмге кирип ага таркалууга жөндөмдүү. Бул теридеги эркин радикалдардын түзулүшүнө алып келет. Бул өз кезегинде эрте карууга жана пигментациялардын күчөшүнө алып келет. 

Эмне кылуу керек? Эң эле жөнөкөй жолдору монитордон алыс кармоо болуп саналат.

Бөлмөдөгү абанын нымдуулугун камсыздоо.

Антиоксиданттары бар косметикалык каражаттарды пайдалануу.

Рационго жогору даражалуу антиоксиданттары бар азыктарды: киви, шпинат, петрушка, кызылча, брокколи, кара өрүк жана жаңгактарды колдонуу.

Уйкуга чейин эки саат калганда гаджеттерди колдонбоо. Бул организмде мелотониндин иштелип чыгышына таасир ьерип уйку канып уктоого өтө эле зыяндуу болуп саналат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/gadzhetterdin-zyyany-kanchalyk



Добавить комментарий