Футзал. Суперлига: “Sun City” “Сары-Ой” командасын эки оюнда тең 8:2, 8:2 эсебинде утту
Футзал боюнча Суперлиганын кезектеги үчүнчү туру жыйынталып, “Строй-Мир” клубу тизменин сап башына чыкты.
Бул тууралуу өлкөнүн Футзал Ассоциациясынын аткаруучу директору Киёмидин Пириев “barometr.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында бул турда чемпионаттын лидерлери “EREM” менен “Фарватер” командалары кезигип, Оштук команда 4:1, 3:1 эсебинде уткан. Окшош эсеп “Сары-Ой” – “Sun City” беттешинде катталган. Бул командалардын эки беттеши тең 8:2, 8:2 “Sun City” командасынын пайдасына аяктаган.
“Намыс” – “Бакубат Талас” командаларынын оюнунда 8:4, 9:5 эсеби катталган. “Строй-Мир” – “Биримдик Сокулук” командасын 7:3, 7:0 эсебинде уткан. Мындан улам бул команда мелдештик таблицанын сап башына чыккан.
Суперлиганын кезектеги төртүнчү туру 27-ноябрь, 2-декабрь күндөрү өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/futzal-superliga-sun-city-sary-oj-komandasyn-eki-oyunda-te-82-82-esebinde-uttu
Добавить комментарий ×