Футзал: Кыргызстандын чемпиону “EREM” Азия чемпионатындагы оюндарын баштады
Таиландда футзал боюнча клубар арасында онунчу Азия чемпионаты башталды. “А” тайпада күч сынаша турган Кыргызстандын чемпиону, Оштун “EREM” командасы кытайлык "Shenzhen Nanling Tielang" клубу менен беттешке чыкты.
Бул тууралуу “FC EREM” клубу Инстаграммдагы баракчасына жазды. Матч “Bangkok Arena” оюн талаасында өтүп жатат.
Команда беттеште толук жеңишти камсыздоого басым жасаарын Данияр Абдыраимов буга чейин социалдык баракчасында айткан болчу.
Кыргызстандын чемпиону “FC EREM” клубуна ийгилик каалайбыз!
Тайпадагы дагы бир беттеш Таиланддын “Port FC” менен корейлик “Star Fs Seoul” клубдарынын ортосунда болмокчу. Бул беттеш кечки саат 18:30да башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/futzal-kyrgyzstandyn-chempionu-erem-aziya-chempionatyndagy-oyundaryn-bashtady
Добавить комментарий ×