Футзал: “FC EREM” Азия чемпионатындагы биринчи беттешин ири эсепте утулду

7 августа 2019 15:23 908 Barometr
Поделиться в:
ok

Таиландда бүгүн башталган футзал боюнча клубар арасында онунчу Азия чемпионатында Кыргызстандык “FC EREM” кытайлык Shenzhen Nanling Tielang клубуна 3:8 эсебинде утулуп калды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эсеп 1:2 болгон.

Экинчи бөлүктө кыргызстандык команданын коргоочулары кетирген удаа-удаа каталардын айынан кытайлыктар 6 топ киргизишти.

Кыргызстандын чемпиону, Оштун “FC EREM” клубу мелдеште “А” тайпада күч сынашып жатат. Тайпадагы дагы бир беттеш Таиланддын “Port FC” менен корейлик “Star Fs Seoul” клубдарынын ортосунда болмокчу. Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30га белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/futzal-fc-erem-aziya-chempionatyndagy-birinchi-betteshin-iri-esepte-utuldu



Добавить комментарий