Футзал: FC EREM Азия чемпионатына жөнөп кетти

4 августа 2019 14:26 1317 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын чемпиону  FC "EREM" футзал боюнча Азиянын клубдар аралык чемпионатына катышуу үчүн Таиландга аттанды. 

Бул тууралуу команданыын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов barometr.kg сайтына билдирди. Команда курамы Ташкен эл аралык аэропортунан Бангкокко учушат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын быйылкы Суперлигасынын чемпиону "EREM" клубу Азия чемпионатында “А” тайпада Thai Port FC (Таиланд), Shenzhen (Кытай) жана Star FS Seoul (Корея) командалары менен  күч сынашат.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар плей-офф баскычына чыгышат.

Азиянын клубдар аралык чемпионаты быйыл 7-17-авгус күндөрү Таиландда өтөт.

Эске сала кетсек, "EREM" бул мелдешке өткө жылы да катышып, плей-офф баскычына чыгып, Азиядагы 8 мыктынын катарына кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/futzal-fc-erem-aziya-chempionatyna-zhnp-ketti



Добавить комментарий