Данияр Абдыраимов: Плей-оффко чыкканга FC EREMде мүмкүнчүлүк бар

10 августа 2019 16:35 4666 Barometr
Поделиться в:
ok

Таиландда футзал боюнча өтүп жаткан клубар арасында Азия чемпионатында Кыргызстандык “FC EREM” корейлик Star FS Seoul командасын 3:5 эсебинде утуп алды. Кантип утту? Команда алдыга койгон тапшырманы аткара алдыбы? Кайсыл футболчу жакшы ойноду? “FC EREM” тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүг канчалык? ”barometr.kg” сайтынын бул суроолоруна команданын башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимов жооп берди...

- Данияр команда зарыл болгон 3 упайды колго киргизди. Куттуктайм! Беттештин жыйынтыгы канааттандырдыбы?

- Албетте канааттандырат. Эң башкы план кандай болбосун утуш керек болчу. Балдар коюлган тапшырманы 100 пайыз аткарды. Бизге бул 3 упай абадай зарыл эле. Балдар аны камсыз кылышты.

- Команда кандай маанай, даярдык менен чыкты эле оюнга? Кытайдын командасы менен оюндан кийин зор сабак алышты окшойт?..

- Биринчи беттештеги бир топ каталарды, анын ичинде тактикалык кемчиликтерди эске алдык. Анын үстүндө иштедик. Бул беттеште ката кетирүү кечиримсиз экенин оюнчулар сезишти.

- Командада өзгөчөлөнгөн, мыкты ойногон оюнчуларды атай аласыңбы?

- Негизи жеңиш жалпы команданын, жамааттын, көпчүлүктүн эмгеги менен ишке ашты. Балдар баары болгон күчүн берип ойношту. Мен ыраазымын. Ошондой болсо да белгилеп кетким келет, Ирандан келген легионерибиз Мохсейн Башир менен Юлдашбай Салимбаев жакшы ойношту. Өзүнүн деңгээлинде ойной албагандар да болду. Эми ал көп деле тынчсыздана турган маселе эмес.

- “FC EREM”дин плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүгү канчалык?

- Мүмкүнчүлүк бар албетте. Биринчи беттеште биз ири эсепте утулганбыз. Бул жакшы эмес жыйынтык болду. Биздин кийинки беттештерге, тайпалык этаптын жыйынтыгына таасирин тийгизет. Эми ага карабай алдыга умтула беребиз. Плей-офф баскычка чыгууга бизде канчалык мүмкүнчүлүк болсо, биз ошону пайдаланганга аракет кылабыз.  

- Эми тайпалык этаптын акыркы беттешинде талаа ээлери Таиланддын чемпиону Thai Port FC менен оюн бар алдыда. Бул команда эки беттешин тең утуп, мындайча айтканда тайпанын фоварити болууда. Буга өзгөчө даярдык болобу?

- Эми бул спорт, футзал, оюн. Оюнда баары болот. Кайсы бир команда фоварит деп айтылганы менен полядагы оюнга, анын жүрүшүнө көз каранды. Кимге оомат келсе, ошол утат. Күчтүүгө күчтүүчө даярдык болот. Командага, балдарыма ишенем. Буюрса жакшы оюн көрсөтүшөт.

- Рахмат маекке, ийгилик!

Ссылка: https://barometr.kg/futzal-daniyar-abdyraimov-baldar-tapshyrmany-100-atkaryshty



Добавить комментарий