Футзал. Азия чемпионатына тандоо: Кыргызстан курамасы Иранга кетти
Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы 2020-жылы өтүүчү Азия чемпионатына тандоо оюнуна катышуу үчүн Иранга кетти. Бул тууралуу Футзал Ассоциациясынын директору Нурлан Ражабалиев "barometr.kg" сайтына билдирди. Тандоо туру Иран Ислам Республикасынын Тебриз шаарында 23-октябрда башталат. Тандоо турунда кыргыз футзалчылары Түркмөнстан жана Иран курамалары менен бир тайпада күч сынашат.
Курамага 14 футболчу алынган.
Кураманын тайпадан чыгуу мүмкүнүчүлүгү тууралуу Ражабалиев ой бөлүштү.
"Биз машыктыруучулар сураган бардык оюнчуларды курамага алып келип бердик. Тайпада Түркмөнстан жана Иран курамалары менен күч сынашабыз. Тандоо тунудагы жыйынтык кандай болгон күндө да Кыргызстан курамасы Азия чемпионатына жолдомо ала алышат", - деди Нурлан Ражабалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/futzal-aziya-chempionatyna-tandoo-kyrgyzstan-kuramasy-iranga-ketti
Добавить комментарий ×