Футболчу Роналдиньо бир эле учурда 2 кызга үйлөнөт
Дүйнөлүк футболдун легендасы атыккан Роналдиньо август айында бир эле учурда 2 кызга үйлөнө турган болду. Бул тууралуу бразилиялык ЖМКга шилтеме кылып “Спорт экспресс” жазып чыкты.
38 жаштагы “Алтын топтун” ээси тандаган кыздардын бири Присцилла Коэльо. Бул кыз менен экс-футболист көп жылдардан бери жолугушуп жүрөт. Ал эми экинчи кыздын аты Беатрис Соуза, ал Роналдиньонун турмушунда 2016-жылы пайда болгон. Эки кыз тең Белу-Оризонтинин тургундары. Мурдагы футбол жылдызы аталган эки кызга тең ай сайын орто эсеп менен 2 миң доллар жана окшош белектерди тартуулап турат.
Бул тугөйлөрдун уйлөнүу үлпөтүнө бир катар атактуулардын катышаары күтүлүп жатат. Салтанаттуу ишчара Рио-де-Жанейро же Санта-Моникада болушу айтылат. Анткени Бразилиянын мыйзамдары боюна бир эле учурда 2 аял алууга тыю салынып, 2 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Оюнчунун бир тууган эжеси журналисттерге аталган уйлөнүү үлпөткө катышпай тургандыгын билдирген. Анткени, Роналдиньонун салтка туура келбеген үйлөнүү аракетин бир тууганы колдобойт.
Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-ronaldino-bir-ele-uchurda-2-kyzga-jlnt
Добавить комментарий ×