Футболчу Неймар ыйлаган бойдон кетти. Ал жооптуу беттеш учурунда жаракат алып калды
"Пари Сен-Жермендин" чабуулчусу Неймар "Лионго" каршы беттештин негизги убактысында оор жаракат алды. Бразилиялык футболчу Неймардын командасы беттештин жыйынтыгында атаандашына 0: 1 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу “Чемпионат” сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Басылманын маалыматы боюнча, Неймар беттештин 96-мүнөтүндө атаандашы Тиаго Мендестен жаракат алган. Неймар бутунан алган жаракатынан улам оюнду уланта алган жок. Футболчу газондо жатып алып ыйлап жатты. Андан кийин, дарыгерлер аны текшерип, замбил менен көтөрүп кетишкен. Неймардын көз жашын төгүп оюун талаадан кеткени баардык комманданын жүрөгүн оорутту.
Оюн Парижде “Парк де Принс” стадионунда Франциянын 1-лигасынын 14-турунун алкагында өттү. ПСЖ менен “Лиондун” жолугушуусу коноктордун жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду 35-мүнөттө Тино Кадвере киргизди.
Белгиленгендей, ПСЖ буга чейин акыркы беш матчында экинчи жеңилүү ызасын тарткан. Буга чейин ал Монакого 2: 3 эсебинде утулуп калган. Азыр 28 упай менен париждиктер турнирдик таблицада үчүнчү орунда келе жатышат. Экинчи орунду 29 упай менен "Лион" ээледи.
Учурдагы сезондо Неймар жаракатына байланыштуу клубда 12 гана матч өткөрүп, анда тогуз гол киргизген. Буга чейин “Пари Сен-Жермендин” президенти Насер Аль-Хелайфи бразилиялык чабуулчу Неймарды канча акчага бааларын айткан. Клуб Неймарды 100 миллион евродон арзан сатпайт. Неймар менен келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүнө жетекчилик оптимисттик көз карашта. Бирок, учурда сүйлөшүүлөрдө жылыш жок.
Неймар карьерасын Бразилиянын "Сантос" футболдук клубунда 2009-жылы баштаган. 2013-жылы ал Испаниянын “Барселонасына” өтүп, клубда 2017-жылга чейин ойногон. Неймардын ПСЖга өтүшү футболдун тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп калды, париждиктер бразилиялык үчүн 222 миллион евро төлөшкөн.
Бразилиялык Неймар Испаниянын эки жолку, Франциянын үч жолку чемпиону. Барселона менен бирге 2014-2015 жылдары Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Бразилия курама командасынын курамында Неймар Конфедерациялар Кубогун (2013) жана Олимпиада оюндарын (2016) жеңип алган.
Добавить комментарий ×