Футболчу Азамат Байматов уулдуу болду

7 сентябрь 2019 21:59 3917 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын коргоочусу Азамат Байматов уулдуу болду. Азыркы тапта достору менен туң уулунун төрөлүшүн белгилеп жатканын “Barometr.kg” сайтына билдирди.

Азаматтын уулу Бишкектин кичи райондорунун бириндеги менчик төрөт мекемесинде жарык дүйнөгө келген. Ымыркайдын салмагы 4 килодон ашат.  

“Уулдуу болдум. Биринчи уулум. Сүйүнүп турам. Салмагы 4,0.80 кило болду. Ден соолугу, абалы жакшы. Азырынча ысымы ким болору белгисиз. Үй-бүлөдөгү чоңдор, ата-энем биринчи небересине өзүлөрү ысым ыйгарышат да”, - деди Азамат Байматов.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-azamat-bajmatov-uulduu-boldu



Добавить комментарий