Футболчу Азамат Байматов карьерасын Индонезияда улантат

11 декабря 2019 17:25 2077 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын футболчусу, легендарлуу коргоочу Азамат Байматов карьерасын Индонезияда улантат. Бул тууралуу ал “barometr.kg” сайтына өзү билдирди.

Ал  учурда үй-бүлөсү менен кичи мекени Ош облусунда эс алып жатканын айтты.

Дордой футболдук клубу менен түзүлгөн келишим бүттү. Узартылган жок. Эми Индонезиядан карьерамды улантам буюрса. Азыр ал жакта чемпионат жүрүп жатат. Январь айларынан тарта трансфердик алмашуулар болот”, - деди футболчу. Азамат Индонезияда кайсыл клубга бара турганын айткан жок. 

Бишкектин “Дордой” клубу 3-декабрда Азамат менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөнүн билдирген.

Өткөн сезондо ал дордойлуктардын курамында бардык мелдештерде 22 беттеш өткөрүп, 3 гол киргизип, 2 голдук топ чыгарып берген.

Өткөн жылы Азамат Байматов өлкөнүн чемпиону, Супер Кубоктун жеңүүчүсү боло алган.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-azamat-bajmatov-karerasyn-indoneziyada-ulantat



Добавить комментарий