Футбол: Япония курамасы бүгүн Дордойдо машыкты

11 ноября 2019 19:16 1091 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке келген футбол боюнча Япония курамасы бүгүн “Дордой” спорттук комплексинде ачык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады.

Япония курамасы кечээден бүгүнкүгө караган түнү «Манас Эл аралык» аэропортуна келип конгон. Анда машыктыруучулар жана медициналык штаб, ошондой эле, улуттук чемпионатта ойноп жатышкан футболчулар келишкен. Ал эми чет жактардагы клубдарда ойногон футболчулар атайын каттам менен эртең, 12-ноябрда келет.

14-ноябрда алар 2022-Дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен беттешет.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-yaponiya-kuramasy-bgn-dordojdo-mashykty



Добавить комментарий