Футбол: Тажикстан - Кыргызстан беттешинин биринчи бөлүгү аяктады. Эсеп 1:0 Тажикстан алдыда
Футбол боюнча Тажикстан – Кыргызстан курамаларынын беттешинде талаа ээлери эсепти ачты. 1:0.
Беттештин биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө жасалган мыкты комбинациялык чабуулду тажикстандыктардын 10-катар санындагы футболчусу Алишер Жалилов голго айлантты.
Эсеп азырынча ушуну менен өзгөрө элек. Командалар тыныгууга чыгып кетишти.
Кыргызстан улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алгачкы беттешин Тажикстан менен конокто ойноп жатат.
Эске сала кетсек, 17-июлда Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында чүчүкулак тартылып, Кыргызстан Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашкан. Биринчи беттешти Тажикстан менен ойноп жатат.
Добавить комментарий ×