Футбол тарыхындагы мыкты дарбазачы аныкталды

4 января 2021 10:56 1764 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол тарыхындагы эң мыкты дарбазачы деп  Джанлуиджи Буффон таанылды. Бул тууралуу “РИА Новостиге" шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Football Italia маалымдагандай, басылма 18 өлкөнүн 18 дарбазачыларын сынакка катыштырган, алардын арасында Россиянын курама командасынын жана Санкт-Петербургдун «Зенит» командасынын экс-дарбазачысы Вячеслав Малафеев, Германиялык Мануэль Нойер, бразилиялык Хулио Сезар жана Дейн Петер Шмейхель да бар.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Ювентустун" дарбазачысы Джанлуиджи Буффон мыкты дарбазачы деп табылды. Лев Яшин экинчи орунга татыды. Үчүнчү орунду Италиянын мурунку дарбазачысы Дино Зофф алды.


Ссылка: https://barometr.kg/futbol-taryhyndagy-mykty-darbazachy-kim-boldu



Добавить комментарий