Футбол. Крестинин: Монголия менен беттеште бир эле максат бар - ал жеңиш
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын Монголия менен беттеште бир эле максаты бар – ал жеңиш. Бул тууралуу кураманын башкы машыктиыруучусу Александр Крестинин Улан-Батор’до бүгүн болгон маалымат жыйында айтты.
Өлкөнүн футбол федерациясы билдиргендей, Крестинин бул беттеште жеңиш керектигин белгилеген.
“Биздин башкы максат – жеңиш. Жеңиш үчүн көп гол киргизүү маанилүү деле эмес. Монголияда мыкты командасы бар. Ошондуктан биз колдон келген оюнду көрсөтүшүбүз керек”, - деди ал.
Өз кезегинде Монголия курамасынын башкы машыктыруучусу Михаэль Вайсс командасынын Кыргызстанга каршы беттештеги үч арыкчылыгын айтты.
“Биринчиден, оюн биздин стадиондо өтөт. Экинчиден, жергиликтүү күйөрмандар. Үчүнчүдөн, Японияга каршы ойнобой калган Сер-Олд Санжив Ганхуяг оюнга чыгат”, - деди Михаэль Вайсс.
Ал ошондой эле, командасы Япония менен болгон беттештен тап-такыр башка оюн көрсөтө турганын кошумчалап кетти.
Эртең, 15-октябрды 2022-дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында кезектеги тайпалык оюндар өтөт. Анда Кыргызстан улуттук курамасы Монголиянын футбол борборунун стадионунда Монголия курамасы менен кездешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 14:00дө башталат.
Тандоо турунда Кыргызстан курамасы Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашып жатат.
Улуттук курама эки беттештен 3 упай топтоп, азырынча үчүнчү орунда келатат. Япония биринчи орунда, экинчиде Тажикстан, Монголия төртүнчүдө. Ал эми Мьянма тайпада акыркы орунда калууда.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-tandoo-turu-krestinin-bashky-maksat-zheish-kerek
Добавить комментарий ×