Футбол: Мьянмага каршы оюнда дарбазаны чабуулчу кайтарууда

11 июня 2021 13:39 3206 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-июнда болуп жаткан Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз тараптын дарбазасын футболчу кайтарууда. Бул тууралуу "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, коронавируска шек саналгандардын сары тизмесине кирген үч дарбазачыга оюнга чыгууга уруксат бериле элек.

Жапон өкмөтүнүн COVID-19га каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба оюндан четтетилген.

Эскерте кетсек, 7-июнда Монголия курама командасы менен болгон оюнга кыргыз футболчулары дарбазачысыз чыгууга мажбур болгон. Оюнда дарбазаны коргоочу Айзар Акматов кайтарып, Кыргызстан Монголияга 1:0 эсебинде жеңилген.


Ссылка: https://barometr.kg/futbol-myanmaga-karshy-oyunda-darbazanychabuulchu-kajtaruuda



Добавить комментарий