Футбол: Мирлан Мурзаев Кипрдин командасына ойноп баштады

4 август 2019 11:21 1766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түндүк Кипр өлкөсүнүн Doğan Türk Birliği клубу менен келишим түздү.

Бул тууралуу футболчу barometr.kg сайтына билдирди.

Келишимдин мөөнөтү жана суммасы боюнча азырынча айтыла элек. Жакында эле Мирлан команданын күйөрмандары менен тааныштырылган. Учурда ал Кипрде команданын карамагында жүрөт.  

Doğan Türk Birliği клубу Түндүк Кипрдин чемпионатында ойнойт. Ал Европа футболдук уюмуна (УЕФА) мүчө эмес.

Мирлан Мурзаев буга чейин Бишкектин “Дордой” клубунда ойноп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-mirlan-murzaev-kiprdin-komandasyna-ojnop-bashtady



Добавить комментарий